БүРКүТ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Аркар, кулжа, түлкү сыяктуу ири аңдарды алууга жарай турган күчтүү, чоң алгыр куш. Ала барчын, курч текөөр Бүркүтү бар Ала-Тоо (Бөкөнбаев). Бир кезде чыйкылдатып алып учту Кийиктин баласына бүркүт тийип (Токомбаев). 2. өт. Кыраан, кыраакы, эр жүрөк, баатыр. Мен бир бүркүт Тянь-Шанда шаңшыган (Токомбаев).